Балдар арасындагы COVID-19 оорусу жөнүндө маалымат

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматы боюнча, республикада оорунун өткөн айларга салыштырмалуу азайгандыгына карабастан (100 миң калкка ноябрь - 212,7, декабрь - 123,6, январь -53,2), коронавирус инфекциясынын калк арасында катталуусу уланууда.

Жалпысынан, калк арасында биринчи учурлар катталгандан бери Кыргыз Республикасында COVID-19 оорусунун 85 328 учуру катталган, анын ичинен 2464 учур (2,9%) мектеп жашындагы балдар (анын ичинде аралыктан окуп жүргөндөр арасында да) катталган, 1432 - мектепке чейинки балдар арасындагы учурлар (1, 7%).

Билим берүү процесси башталгандан бери мектеп жашындагы балдар арасында COVID-19 оорусу ноябрь айында эң көп катталды (320). Декабрь айында 1,5 эсе аз (214) учур катталган, ал эми январь айында 2,9 эсе аз (109 учур). Мектепке чейинки курактагы балдардын арасында ноябрь айында 175 учур катталса, декабрь жана январь айларында 1,4 жана 1,7 эсе аз болгон (128 жана 103 учур).

Көпчүлүк учурларда, балдарда оору жеңил түрүндө жана кадимки КРВИге окшош, ал төмөнкү клиникалык белгилер менен мүнөздөлөт: дене табынын бир аз көтөрүлүшү, мурундан суу агуу, ангина, жөтөл, жалпы алсыздык.

Сейрек учурларда, оору оорлошуп жүрүшү мүмкүн, анда алгачкы белгилер даана билине баштайт: дене табы 38-40 ° C, алсыратуучу кургак жөтөл, көкүрөк оорусу, ичеги-карын оорутушу мүмкүн.

Ошондой эле, кээде организмде инфекция болсо да, балдарда коронавирустун белгилери таптакыр байкалбайт. Бирок, кээ бир балдар оорунун жеңил түрү менен ооруа айыккан болсо дагы, көптөгөн системаларга таасир эткен көп тармактуу сезгенүү синдрому түрүндө олуттуу кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.

Жыл сайын, сасык тумоо жана КРВИ эпидемиялык мезгилинде, курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган балдарда медициналык жардамга суроо-талап жогорулайт. Бардык учурларда 14 жашка чейинки балдар 54%, анын ичинде 2 жашка чейинки балдар - 35,5% түзөт. Белгилей кетүүчү нерсе, бул курактагы балдар балдарга кам көргөн чоң кишилерден гана жугушу мүмкүн. Ошол эле учурда, лабораториялык текшерүүдөн өткөн учурда стационардык жардамга кайрылган балдардын арасында COVID-19дун тастыкталган учурлары кездешет, бул чоңдордун оорунун белгилери байкалганда гигиеналык эрежелерди сактабаганынан.

Ушуга байланыштуу, ата-энелерге жана балдарга кам көргөн чоң кишилерге төмөнкүлөр сунушталат:

- жеке коргонуу каражаттарын (маскаларын) кийүү;

- колуңузду дайыма жууп туруңуз;

- жакын аралыктагы байланыштарды чектөө;

- жергиликтүү иммунитетти бекемдөө (бөлмөдөгү температуралык режимди сактаңыз - 18-20 градус, керектүү нымдуулукту сактоо - 40тан 60% га чейин);

- жашаган жерди тез-тез желдетип туруңуз.

Оорунун белгилери жана КРВИнин башка белгилери пайда болгондо төмөнкү эрежелерди сактаңыз:

- өзүн изоляциялоо эрежелери, мүмкүн болгон байланыштарды чектөө;

- балдар ооруп калган учурда, медициналык кызматкерлерден жардам сураңыз, баланы өз алдынча дарылабаңыз. Балада илдеттин оор белгилери байкалса тез жардам чакыруу керек.


Басып чыгаруу