Биргелешкен күч-аракеттер менен гана кургак учук өлкөбүздүн тургундарынын ден соолугуна коркунучсуз болуусуна жетише алабыз!

“ЖМКда кургак учукту чагылдыруу аспектилери: натыйжалар жана келечеги” Тегерек столунун катышуучулары Кыргызстандагы кесиптеш журналисттерге кайрылуу кабыл алышты. 2021-жылдын 2-ноябрында Бишкекте өткөн USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору уюштурган Тегерек стол өлкөнүн ар кыл региондорунан ЖМКнын 20дан ашык өкүлүн кошо алганда 40тан ашык кашышуучуларды чогултту.

Кайрылууда: ”Биз ушул кезге чейин кургак учукка чалдыккан адамдарга коомчулуктун жасаган терс мамилеси алардын дарыланууну каалабай, оорусун жашыруунун башкы себеби болуп, инфекциянын жайылуу коркунучун көбөйтүүгө алып келерин билебиз. Андыктан буга биз өзүбүз даярбыз жана кесиптеш журналисттерди да так, илимий жактан далилденген фактыларга гана таянып, кургак учук темасын, анын ичинде төмөндөгүлөрдү үзбөй чагылдырууга чакырабыз:

- кургак учукка чалдыккан адамдарды стигма кылууга жана басмырлоого каршы туруу;

- кургак учукту табуу, дарылоо жана алдын алуунун гендердик аспектилери;

- коомдук аң сезимде дагы деле орун алган жана кургак учук менен күрөшүүгө зыянын тийгизген болумуштарды жана көнүмүштөрдү жокко чыгаруу.

Ошондой эле кесиптештерибизди калкка маалымдоонун натыйжалуу жолу катары оору менен күрөшүүдө медициналык кызматкерлердин да, бейтаптардын да, алардын үй-бүлөлөрүнүн да ийгилигин көрсөткөн жакшы мисалдарды пайдаланууга чакырабыз. Муну менен бирге алардын жеке укугу, купуялуулугу жана анонимдүүлүгү катуу сакталышы керек.

Биз медициналык коомчулуктун COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы, ошондой эле бүткүл дүйнөдөгү кургак учук кырдаалына терс таасир тийгизиши ыктымал деген тынчсыздануусун тең бөлүшөбүз. Ушуга байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салууда мамлекеттин аракетине зарыл болгон маалыматтык колдоо көрсөтүүгө даярбыз.

Жалгыздап олуттуу ийгиликке жетүү мүмкүн эмес, бирок биз биргеликте өлкөбүздүн тургундарынын ден соолугуна кургак учук коркунуч келтирбегендей абалга жетише алабыз!”


Басып чыгаруу