Previous Next

Саламаттыкты сактоо министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы – Кыргызстандын маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт.

7-ноябрда белгиленүүчү Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнүн утурлай КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги министрлик менен тыгыз кызматташып келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, өзгөчө пандемия учурунда саламаттыкты сактоо маселелерин чагылдырууда жемиштүү кызматташканы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздерди, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, кесиптик майрамыңыздар — Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо мен үчүн чоң сыймык! Сиздердин аркаңыздар менен жарандарыбыз ден соолук баа жеткис капитал экенин жана аны сактоо жана көбөйтүү керектигин түшүнүп, көптөгөн оорулардан кантип сактануу керектиги боюнча маалыматтарга ээ болууда”,-деди куттуктоо сөзүндө КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө ар бир конокко ыраазычылык каттары жана министрликтин,  эл аралык өнөктөштөр болгон ЮНФПА жана Дүйнөлүк банктын эстелик белектери тапшырылды.


Басып чыгаруу