Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алган кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашты

Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алган кыргызстандыктардын саны 1 миллион адамга жетти, бул эмделүүчү адамдардын жалпы санынын туура 41,7%ын түзөт. Вакцинанын эки дозасын тең Кыргызстандын 776 099 жараны алган - бул калктын 32,3%.
Кыргызстан вакцинанын биринчи дозасын алган 1 миллиондук чекти 4-ноябрда ашты, COVID-19га каршы вакцинаны алган миллионунчу кыргызстандык Ош облусунун Ноокат районунун тургуну болду.
Учурда эмдөөлөрдүн көрсөткүчү боюнча Ош, Жалал-Абад облустары жана Бишкек шаары алдыда.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында башталган, анда биринчи кезекте тобокел топторуна киргендер – медицина кызматкерлери, мугалимдер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери эмдөөдөн өтүүгө мүмкүндүк алган. Май айынан тарта өлкөдө коронавируска каршы вакцина баарына жеткиликтүү.


Басып чыгаруу