Previous Next

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Дүйнөлүк диабет фондунун жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү боюнча диабетке басым жасалган жаңы долбоору ишке киргизилет

Дүйнөлүк саламаттык сактоо жана Дүйнөлүк диабет фонду кант диабетине басым жасоо менен жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга жана контролдоого жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча үч жылдык жаңы долбоорду расмий түрдө баштоо үчүн жогорку деңгээлдеги иш-чара өткөрүштү. Бул долбоор Кыргызстан менен Өзбекстанда ишке ашырылып, эки өлкө үчүн жалпы бюджети 1 миллион доллардан ашып, үч жылга эсептелинет. Дүйнөлүк диабет фонду менен ДСУнун Европа аймактык бюросунун ортосундагы Долбоордук макулдашууга кол коюу расмий аземине Кыргызстан менен Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле өлкөнүн деңгээлиндеги негизги кызыкдар тараптар чакырылды.
«Биз Кыргызстанда жана Өзбекстанда жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөштү уланта алганыбызга кубанычтабыз», - деди ДСУнун Европа боюнча аймактык бюросунун директору доктор Ханс Клюге. «Кант диабети - бул эл үчүн да, экономика үчүн да трагедиялуу жоготуу. Бул долбоор алдыга жасалган чоң кадам болуп саналат жана анын таасири эки өлкөдө гана эмес, бүткүл Европа аймагында байкалат, анткени анын прогресси белгиленип, жайылтылат жана кайталанат деп үмүттөнөбүз.
Өз кезегинде КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директоруна жана Дүйнөлүк диабет фондунун өкүлүнө жана башка бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда мындай долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.


Маалымат катары: ДСУнун эсептөөлөрү боюнча, Кыргызстанда 2013-жылы кант диабетинин жаш курагы боюнча стандартташтырылган таралышы болжол менен 8,8%ды түзгөн, бул 1980-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге жогору (дээрлик 5%). 25-64 жаштагы жана андан улуу калк арасында ачкарын кан глюкозасынын жогорулашы (≥ 7,0 ммоль/л же дары-дармектерди кабыл алуучуларда) менен ооруган адамдардын жаш курагы боюнча стандартташтырылган саны, Кыргызстанда акыркы маалыматтар боюнча (2013-ж.) 8,8 (7,1 -10,4) түзүп, эркектер менен аялдардын ортосундагы айырма олуттуу эмес.


Басып чыгаруу