Previous Next

Кыргыз-Түрк мамлекеттик "Достук" ооруканасында күнүнө 3-4 бейтапка ангиографиялык жол менен жүрөк кан тамырларына стенд коюлууда

Азыркы учурда Кыргыз-Түрк мамлекеттик "Достук" ооруканасы өз ишин баштады. Ушул тапта жүрөк кан тамыр оорулары бар бейтаптарды кабыл алууда жана бир күндө 3-4 оорулууга ангиографиялык жол менен жүрөк кан тамырларына стенд коюлууда. Ал эми ачык операция жолу менен 3 операция ишке ашырылды жана ал бейтаптар операция болгон күндөн баштап 5-6 кундун ичинде жакшы болуп ооруканадан чыгып кетишти. Бул ооруканага бейтаптар өз алдынча жүрөк кан тамыр, ички органдардын оорулары жана дартты аныктоо боюнча кайрыла алышат. Бүгүнкү күндө МРТ, КТ, рентгенография, маммография сыяктуу сапаттуу, заманбап бардык лабораториялык жабдыктар иштеп жатат. Ооруканада дартты аныктоо акылуу түрдө жүргүзүлөт.


Басып чыгаруу