Previous Next

Бишкек шаарында COVID-19га каршы эмдөө

Бишкек шаарында калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн темпин жогорулатуу жана кеңейтүү максатында менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жамааттык кайрылууларын, ошондой эле үйүнө барып эмдөө боюнча улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеке кайрылууларын тейлөө максатында эмдөө жүргүзүүчү көчмө мобилдик топтор түзүлдү. Ар бир ҮМБда көчмө/мобилдик топтор иштейт.

Көчмө/мобилдик бригадалар кары-картаңдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ошондой эле «Водоканал», «КГУСТА», «ГазПром», «Тазалык», «Зеленострой» сыяктуу ж.б. уюмдарга барып, жеринде эмдөө иштерин уюштурат.

Бишкек шаарында 2-декабрь 2021-жылга карата вакциналардын бардык түрү жетиштүү санда бар. Эмдөө төмөнкү вакциналар менен жүргүзүлөт: Синофарм, Астразенека, Пфайзер, Спутник Лайт, Модерна.

2021-жылдын 15-ноябрында Россия өндүрүшүндөгү «Sputnik Light» вакцинасынын 12 000 дозасы алып келинген. Бул вакцина нөлдөн төмөн температурада сакталат, ошондуктан эмдөө шаардын айрым мекемелеринде жүргүзүлөт: №1,3,5,6 БҮМБ, №2,7,8,9,15 ҮМБ жана Бишкек Парк соода борбору.

Кыш мезгилинин келгендигине байланыштуу убактылуу эмдөө пунктарынын иш графиги өзгөртүлдү: бардык ҮМБларда саат 8:00дөн 18:00гө чейин, райондук БҮМБлар 8:00дөн 20:00гө чейин, соода борборлорунда саат 10: 00дөн 20:00гө чейин.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 15-ноябрында ГАВИ УСЗ-2 долбоору аркылуу Sputnik Light вакциналарын сактоо үчүн алынган 4 тоңдургуч Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунан №1 БҮМБ, №9, №15 ҮМБ жана Бишкек Парк соода борборуна жеткирилди (соода борборундагы тоңдургучтун сакталышына №3 БҮМБ жооптуу).


Басып чыгаруу