Previous Next

Жугуштуу эмес оорулар боюнча глобалдык максаттар: 2010-2030-жылдар аралыгында гипертониянын таралышын 33% кыскартуу

2021-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ДССУнун, Улуттук кардиология жана терапия борборунун өкүлдөрүнүн, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда “Кыргыз Республикасындагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде жугуштуу эмес ооруларды көзөмөлдөө” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Кеңешменин максаты - баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСЖ) деңгээлинде калкка медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу жана БМСЖ уюмдарында медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстанда баштапкы деңгээлдеги гипертония менен күрөшүү боюнча программалар, көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле БМСЖны баалоонун жыйынтыктары, кант диабети менен ооруган бейтаптардагы гипертония боюнча маалымат жана гипертонияны көзөмөлдөөнү жакшыртуудагы медайымдын салымы көрсөтүлдү.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) өзгөчө көзөмөлгө алынууда, анткени алардан оорунун жана өлүмдүн көрсөткүчтөрү жогорку деңгээлде сакталууда. Ушуга байланыштуу Улуттук программанын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жүргүзүү жана жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу тобокелдигин алдын алуу механизмдерин табуу боюнча бир катар иш-чаралар иштелип чыкты. Бүгүнкү тегерек стол ошол иш-чаралардын бири болуп саналат, анда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде ЖЭОнун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар айтылууда», - дейт КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нургүл Ибраева.

«Кыргызстанда ар бир 3чү жарандын кан басымы жогору, бирок алардын көбү бул тууралуу билишпейт жана көп учурда кеч кайрылышат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму улуттук эксперттер жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери менен бирдикте гипертонияны аныктоонун анализин өркүндөтүү боюнча инструмент иштеп чыкты, бул Кыргызстанда журөк-кан тамыр ооруларын 2-4 эсеге кыскартатууга мүмкүндүк берет”, - деп билдирди ДССУнун ЖЭО боюнча улуттук кызматкери Алиина Алтымышева. .

«2019-2020-жылдары гипертония менен күрөшүүнүн натыйжалуулугу боюнча ЭССБ жана ДССУнун колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, гипертония менен ооругандардын 10% гана каттоодо турат, ал эми калган 90% гипертониялык оорулуулар кан басымы жогору экенин же билишпейт, же дарыланышпайт. Бул биздин өлкө үчүн абдан көйгөйлүү маселе. Акыркы бир жылда COVID-19 пандемиясынын таасирин эске алуу менен өлүм 36%га өстү ”, - деди Улуттук кардиология жана терапия борборунун башкы илимий кызматкери жана илимий бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Полупанов.

Маалымат үчүн:

Гипертония "унчукпаган өлтүргүч" деп аталат. Гипертония менен ооругандардын көбү бул көйгөйдү билишпейт, анткени гипертония көбүнчө коркунучтуу сигналдарды бербейт жана симптомсуз өтөт. Билүү үчүн дайыма кан басымын өлчөө абдан маанилүү болуп саналат. Жогорку кан басымды төмөндөтүү инфаркттын, инсульттун жана бөйрөктүн бузулушунан, ошондой эле ден-соолукка байланыштуу башка көйгөйлөрдүн алдын алат.

 Гипертонияга анализ жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын практикасына киргизүү бул коркунучтуу ооруну баштапкы деңгээлде башкаруунун сапатын жогорулатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери менен улуттук адистердин биргелешкен иши гипертония менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүүнү координациялоо моделин өркүндөттү.


Басып чыгаруу