Бир катар маанилүү, көп колдонулган дары каражаттарынын баасы төмөндөдү

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциядан келип чыккан эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, жана дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев К.К 2021-жылдын 15-октябрындагы № 30-16 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана ГААР кирген Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча биргелешкен масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Негизги максат – өлкөнүн калкы үчүн дары-дармек каражаттарынын экономикалык жактан жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дары-дармектердин кеңири ассортименти бар ири дарыкана түйүндөрүнө ээ болгон фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда дары-дармектерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулап, өтө маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана өлкөнүн калкы арасында чоң суроо-талапка ээ болгон 500 аталыштан турган дары-дармек каражаттарынын тобу аныкталып, ага республика боюнча бир катар дарыкана уюмдары бааларды орточо эсеп менен 10 % жана айрым фирмалык аталыштар үчүн 25тен 68,2% чейин арзандаткан.

Бул тизмеге кирген 500 аталыштагы дары-каражаттар топторунун тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: http://pharm.kg/upload/%D0%9D%D0%B5%D0%BC%D0%B0%D0% BD% 2011% 20 (1) .pdf


Басып чыгаруу