Previous Next

Саламаттыкты сактоо министрлиги Монголия менен саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Монголиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Содном Ганхуяг мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда министр Элчини Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушууда ошондой эле саламаттыкты сактоо жана медициналык технологиялар тармагында кызматташуу маселелери талкууланды. 2019-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо жана фармация тармагындагы макулдашуунун алкагында кызматташууну активдештирүү ниети айтылды. Мындан тышкары, Монголиядан келген бейтаптарды дарылоону уюштуруу жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар менен реабилитациялык борборлордо реабилитациялоону жүргүзүү, эки өлкөнүн ортосундагы дары-дармектердин экспорт-импорт мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

«Бүгүнкү жолугушуу кыргыз-монгол мамилелери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы дем берет деп ойлойм. 2019-жылы өкмөттөрүбүздүн деңгээлинде саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган, бирок тилекке каршы, коронавирустук инфекциялык пандемиядан улам биз каалагандай эффективдүү ишке аша баштаган жок. Бүгүнкү жолугушуубуз биздин ортобуздагы кызматташтыкты орнотуу жана чыңдоо үчүн приоритеттүү багыттарды тактоого жардам берет деп ишенем”, - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.


Басып чыгаруу