Тамеки чегүү каржылык чыгымдар менен коштолот – силер акчаңарды башка маанилүү нерсеге жумшай аласыңар
- Бир изилдөө көрсөткөндөй, тамеки чеккендердин чыгымдары орто эсеп менен 1,4 миллион АКШ долларын түзөт, ага тамеки сатып алууга кеткен чыгымдар, медициналык тейлөөгө жана дары-дармекке жумшалган чыгымдар, ошондой эле тамеки чегүүгө жана пассивдүү тамеки чегүүдөгү тамекинин түтүнүнүн таасирине байланышкан эмгек акынын төмөндүгү кирет.
- Тамеки колдонуу жумушчулардын ден-соолугуна жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнө таасирин тийгизет, анткени алардын ишке келбей калган учурларынын санын көбөйтүп коюшу ыктымал.
- Тамеки колдонуу жакырчылыкка көмөктөшөт, анткени үй чарбалары тамак-аш жана турак-жай сыяктуу негизги муктаждыктарды канааттандыруунун ордуна тамекиге акча коротууга мажбур болушат.
- Тамеки колдонуу дүйнөлүк экономикага тамекиден улам жаралган илдеттерди дарылоо үчүн медициналык тейлөөгө чыгымдар, тамекини колдонууга байланышкан илдеттер менен өлүмдүн натыйжасында эмгек ресурстарын жоготуу түрүндө 1,4 триллион АКШ доллары өлчөмүндө кошумча оорчулук келтирет.


Басып чыгаруу