Жыл сайын тамеки колдонуудан 8 миллиондон ашуун адам көз жумат.
Тамеки аны колдонуучулардын жарымын өлүмгө учуратат. Тамеки заттарынын кайсынысы болбосун силердин ден-соолугуңарды начарлатып, оор илдеттерге алып келет.
Кальян чегүү да тамеки колдонуунун башка ыкмалары сыяктуу эле зыяндуу болуп саналат.
Чайноочу тамеки ооз көңдөйүнүн рак оорусун, тиштин түшүшүн, тиштин эмалы карарып кетишин, тиштин бүйлөлөрүндө ак тактардын жана пародонтиттин жаралышын шарттайт.
Түтүнсүз тамеки заттарын колдонгондо алардын курамындагы никотин тамеки чеккендегиге караганда тезирээк сиңет, бул ага тезирээк көнүп кетүүнү шарттайт.


Басып чыгаруу