•  Бардыгына: териңерге, кийим-кечегиңерге, манжаларга, бүт үйүңөргө жагымсыз жыт сиңип калат, демиңер да жагымсыз жыттанат.

  • Тамеки тиштердин саргайышына жана тиштерди таш каптап кетишине алып келет.

  • Тамеки тартуу жана түтүнсүз тамеки заттарын колдонуу ооздо жагымсыз жытты пайда кылат.

  • Тамеки бырыштардын пайда болушуна өбөлгө түзөт, ошондуктан силер өз курагыңардан улуу көрүнүп каласыңар. Тамеки чегүү териге ийкемдүүлүк берген белоктордун бөлүнүшүнө өбөлгө түзүү менен теринин эрте картайышына алып келет, кан айланууну бузат жана А витамининин деңгээлин төмөндөтөт.

    #NCDKGZ#NCDKGZtobacco

Басып чыгаруу