- ​​Тамеки колдонуу дүйнө жүзү боюнча рактан өлүмгө дуушар болгон учурлардын 25% себепчиси болуп саналат.

- Тамеки чеккен адамдардын өмүрүндө өпкө рагына чалдыгуу ыктымалдыгы чекпеген адамдарга салыштырмалуу 22 эсеге жогору болуп саналат. Тамеки чегүү дүйнө жүзүндөгү өпкө рагынын жана өпкө рагынан каза болгондордун үчтөн экисинен көбүнүн негизги себепчиси болуп саналат.

- Тамеки чеккен адамдын ар бир бешинчисинде, айрыкча бала чагынан же өспүрүм кезинен тарта чегип баштаган адамдарда өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу (ӨӨОО) жаралат, анткени тамекинин түтүнү өпкөнүн өсүшүн жана өнүгүшүн кыйла акырындатып коет.

- Тамеки чегүү чоң адамдардын активдүүлүгүн чектөө менен астма оорусун күчөтүп, алардын майыптыкка чалдыгышына алып келет жана токтоосуз жардам көрсөтүлүшүн талап кылган астма илдетинин курч кармоо тобокелдигин жогорулатат.

- Тамеки чегүү кургак учуктун латенттик формадан активдүү түргө өтүп кетүү тобокелдигин эки эседен ашуун жогорулатат жана илдеттин табигый жүрүшүн начарлатат. Дүйнө калкынын болжол менен төрттөн бири кургак учуктун латенттик формасынан жапа чегип келишет.


Басып чыгаруу