Дени сак жашоо

Кургак учук тууралуу эмнелерди билишибиз керек? Кургак учук тууралуу эмнелерди билишибиз керек? 2020-06-17 - Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына ылайык, акыркы жылдары кургак учук оорусунун азайгандыгы байкалууда, алсак 2019-жылы Кыргызстанда 4985 учур катталган. More detail
Өзүбүздү АИВ-инфекциясынан коргойбуз Өзүбүздү АИВ-инфекциясынан коргойбуз 2020-06-15 - АИВ-инфекциясы - бул адамдын иммунукем вирусу (АИВ) тарабынан пайда болгон оору. АИВ организмге бир жолу кирсе ал жерде өмүр кала берет. Вирус жуккан учурдан тарта ал адам вирусту башкаларга жуктурууга жөндөмдүү болуп калат.   More detail
Коронавирус кош бойлуулукка кандай таасирин тийгизет? Коронавирус кош бойлуулукка кандай таасирин тийгизет? 2020-04-01 -      Коронавирус инфекциясына чалдыккан кош бойлуу аялдар башка дени сак адамдарга караганда олуттуу татаалдашуулардын жогорку тобокелчилигине дуушар болоруна күбө болуучу маалыматтар ушул кезге чейин жок. Кош бойлуулардын басымдуу бөлүгү жеңил же орточо формада көтөрүшү мүмкүн экендиги күтүлүүдө. More detail
Кургак учук - айыга турган оору! Кургак учук - айыга турган оору! 2020-03-24 - Жыл сайын 24-март күнү Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күнү белгиленет. Бул жылы кургак учукка каршы күнү  “Ыкчамдайлы” деген лозунг менен  өткөрүлөт. Кургак учук – кургак учуктун микобактериясы (Кох таякчасы) аркылуу пайда болгон, бардык органдарды жана ткандарды, бирок көп учурда өпкөнү жабырлантуучу жугуштуу оору. More detail
Коронавирустан коргонуу чаралары Коронавирустан  коргонуу чаралары 2020-02-26 - КОРОНАВИРУС ДЕГЕН  ЭМНЕ?Коронавирустар - бул латын тилинде Coronaviridae деп аталып, кыргыз тилине которгондо "таажы сымал вирустар" десек болот. Вирустун түзүлүшү таажыга окшош. Коронавирус биринчи жолу 1965-жылы ринит оорусу өтүшүп кеткен адамда аныкталган. 2019-nCoV - бул жогорудагы коронавирустардын түркүмүнө кирет жана аталган аталыш Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму тарабынан белгиленген. More detail
Бруцеллез Бруцеллез 2020-02-24 -   Кыргызстанда жазгы туут маалы башталды. Дал ушул учурда бруцеллез оорусун жуктуруп алуу коркунучу чоң. Республикалык карантиндик жана  өтө кооптуу инфекциялар борборунун маалыматында, өлкөдө бруцеллез боюнча эпидемиялык абал туруктуу эмес бойдон калууда. Анын себеби, ооруну алдын алууда  чабандардын кайдыгер мамилеси эсептелет. More detail
Менингит деген эмне? Менингит деген эмне? 2020-02-13 - Менингит – бактериалдык формадагы, баш жана жүлүн мээсинин кабыкчаларынын сезгенүүдөн жабыркоосу. Менингит олуттуу оруу жана ал өзүнүн татаалдануулары менен адамга коркунуч туудурат. Өзгөчө, кыш -жаз мезгилдеринде ооруга чалдыгуу күчөйт. More detail
Өзүбүздү сасык тумоодон кантип коргойбуз? Өзүбүздү сасык тумоодон кантип коргойбуз? 2020-01-24 - Сасык тумоо — бул дээрлик бардык адамдар чалдыгышы мүмкүн болгон инфекциялык оору.  Сасык  тумоону козгоочу вирус  оорулуудан айланадагыларга аба аркылуу жугат.  Сасык тумоо учурунда өнөкөт оорулар өтүшөт, андан тышкары сасык тумоо дагы башка ооруларды козгошу мүмкүн: Өпкө оорулары (бронхит, пневмония).  Дем алуу органдарынын иштөөсүнө кыйынчылык туудурат (отит, синусит, ринит, трахеит). Жүрөк кан тамыр оорулары (миокардит, перикардит). Нерв системаларындагы илдеттерди күчөтөт  (менингит, менингоэнцефалит, энцефали... More detail
Курч дем вирустук ооруларынын белгилери Курч дем вирустук ооруларынын белгилери 2020-01-24 - Күз келип суук тарта башташы менен c (КДВО) күчөй баштайт. КДВО – жугуштуу вирустук оору: ага грипп, парагрипп, аденовирус, респиратордук-синцитиалдык вирустар себепчи болот.    КДВО жана грипптин белгилери: тамактагы ачышуу жана оорутуу, ооздун кургашы, кургак жөтөлгө өтүүсү мурундун бүтүшү, чүчкүрүү, мурундан тунук суунун куюлушу; ун байламталарынын жабыркашынан улам үндүн өзгөрүшү; көздүн былжыр чели жабыркагандыктан көздөн жаш агышы, көздүн агынын кызарышы, жарыктан коркуу. Оору андан ары күчөгөн учурда уулануунун симптомд... More detail
Сасык тумоо жана КРВИ ооруларды алдын алуу боюнча адистердин кеңеши Сасык тумоо жана КРВИ ооруларды алдын алуу боюнча адистердин кеңеши 2020-01-24 - Грипп (сасык тумоо)(фр. grippe) — грипп вирусу себепкер болгон дем алуу жолдорунун инфекциялык оорусу. Кез-кезде эпидемия жана пандемия түрлөрүндө жайылат. Учурда грипп вирусунун бир биринен антигендик спектри менен айырмаланган 2000ден ашык варианты табылган. Бул оору башталганда адам өзүн начар сезип, мурдунан суу куюлуп, башы ооруп, үнү каргылданып бүтүшү ыктымал. Мына ушул сыяктуу сасык тумоонун белгилери байкалганда адам өз алдынча дарылануудан баш тартып,  врачты уйго чакыруу керек. Жумушка, коомдук жайларга бару... More detail
Кызамыктын белгилери Кызамыктын белгилери 2020-01-13 - Кызамык -  вирустар козгоочу жугуштуу инфекциялык оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн. Кызамыктын белгилери: Дене таптын жогорулашы Жөтөлүү Мурун бүтүү Көздөн жаш агуу Дене кызыл тактардын пайда болушу: адатта тактар бетте пайда болуп, андан кийин денеге жайылат Кызамык өтүшүп кеткенде , өзгөчө кичинекей балдарда,  ... More detail
Вирустук гепатитти дарылоого караганда алдын алуу жеңил Вирустук гепатитти дарылоого караганда алдын алуу жеңил 2020-01-08 - Вирустук гепатиттер  - кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу коркунучтуу инфекциялык оорулар. Вирустук гепатиттин беш түрү бар (А, В, С, Д жана Е). В, Д жана С вирустук гепатиттери оор кесепеттерине байланыштуу  чоң коркунуч туудурат.   Гепатитти жуктуруп алуу ооруган же жуктуруп алган адамдын каны  же биологиялык суюктугу дени соо (туруштук бере албаган) адамдын организмине келип түшкөндө: ийне аркылуу баңги колдонуучулардын арасында  бир шприц жана ийне пайдаланган учурда стерилденбеген аспаптар менен медицинал... More detail

Тамекини кантип таштоо боюнча тажрыйбалык кеңештер

Тамекини бир заматта жана алдын ала пландаштырылгын күнү таштаган жакшы;
Эгерде Сиз кыйынчылыктарга кездешсеңиз (жакындарыңыздын оорушу, көчкү ж.б.), эсиңизде болсун, тамеки тартуу – маселенин туура чечими эмес;
Терең дем алуу тамеки катуу тартуу калоосун жеңгенге жардам берет;
Биринчи үч күндө жашылча-жемиштердин ширесин ичүүнү эки эсе көбөйтүңүз;
Салмагыңыз көбөйбөш үчүн жашылча-жемиштерди көбүрөк жеп, таттуу жегенди азайтыңыз.
Сизге ар дайым жеңил физкультура менен алек болуу жакшы жардам бериши мүмкүн;
Тамекини бир эле жолу тартуудан коркуңуз. Үч айдан кийин деле ал баарын бузуп коюшу мүмкүн;
Тамекини канчалык катуу таштоону кааласаңыз дагы өзүңүз менен талашпаңыз. Мурдагы жашоо мүнөзгө кайтып келүү Сиз үчүн канчалык жиркеничтүү экендигин ойлонуңуз;
Тамекини жаныңызга салып жүрбөңүз;
Тамекини азыраак тартканга аракет кылыңыз, күнүнө канча тамеки тартканызды санаңыз, ар бир кийинки күнү мурдагыдан азыраак тартканга аракет кылыңыз;
Күнүнө тамекинин санын азайтып, түтүнүн терең албаңыз;
Тамекини ач карын, айрыкча эртең менен тартпаңыз;
Тамеки тартпай турган убакта, тамекини оозуңузга калтырбаңыз;
Тамекинин үчтөн бирин тартпай калтырыңыз, 2-3 жолу тарткандан кийин ыргытып жиберсеңиз андан жакшы болот;
Басып бара жатканда, өзгөчө тепкичке же тоого чыгып бара жатканда тамеки тартпаңыз;
Оор жумуш жасап жатканда, же андан кийин узак убакытка чейин тамеки тартпаңыз;
Кез кези менен тыныгуу уюштуруңуз (мисалы “дүйшөмбүгө чейин, айдын аягына чейин, жылдын аягына чейин тамеки тартпайм” – деп);
Тамеки тарткыңыз келбегенде тартпаңыз. Жолдошторго кошулуп “компания үчүн”, – деп тамеки тарткандан качыңыз;
Жаш балдар бар жерде тамеки тартпаңыз, аларга тетири үлгү болбоңуз; тамеки тартпагандардын таза абага болгон укугун сыйлоо керек;
Тамекинин түтүнү толгон бөлмөдөн качыңыз;
Тамеки чегүүгө тыюу салынган жерлерге (кинотеатр, китепкана, ресторан ж.б.) көбүрөөк барыңыз.

Бул кеңештер көп адамдарга тамекини таштаганга жардам берди, Сизге дагы жардам берет – деп ишенебиз!

►Тамекинин түтүнү уулуу, канцерогендүү жана гендерди өзгөртүүчү 7000 уулуу заттардан турат.

►Тамекинин түтүнү айланадагы абада коопсуздук денгээлде болбойт. анын 20% менен гана тарткан адам дем алат, ал эми калган бөлүгү айланадагы адамдарга туура келет.

►Шаардагы транспорттун жүрүшүнүн кычап турган убактысындагы абага салыштырмалуу, тамекинин түтүнүнө топтолгон бөлмөдөгү абанын курамында зыяндуу заттар көбүрөөк болот.


Басып чыгаруу  

Publish modules to the "offcanvas" position.