Тамактануу адаттарын өзгөртүү – дени сак жашоого карай кадам
Дени сак тамактануу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары:
- Рационуңуздагы майдын, өзгөчө жаныбарлардан алынган
майлардын жалпы көлөмүн чектеңиз (мындай майлар, мисалы, каймакта жана каймак майда
болот).
- Этикеткадагы малыматка дайыма көңүл буруңуз. Эгерде этикеткада
"жарым-жартылай гидрогенделген майлар" айтылса, бул продукттун
курамында бир аз транс май бар экенин билдирет. Андан баш тартыш керек же жок дегенде азыраак
өлчөмдө жеген жакшы.
- Мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды күнүмдүк
керектөөнү жок дегенде 400 г (күнүнө беш порция) чейин көбөйтүңүз.
- Күнүнө 5 г туздан (бир чай кашыктан) аз колдонуу абзел, туз дайыма йоддолгон болушун камсыз кылыңыз.
- Кантты аз жегиле. Кантты күнүмдүк керектөөнү максималдуу азайтыныз: чоңдор үчүн 50 г (же
болжол менен 12 чай кашык) жана балдар үчүн 25 г менен чектеңиз.